Кремль Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча үн катты

Расмий Кремль Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратылышы өлкөнүн ички иши деп эсептейт. Мындай пикирин Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин TAAS.RU агенттиги жазып чыкты.

“Бул Кыргызстандын ички иши болуп саналат. Биз бул иштерге кымындай да аралаша албайбыз”, – деген ал

Бүгүн, 27-июнда экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун 103 депутат жактырып, 6 депутат каршы болду. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Алмазбек Атамбаевге коюлган алты айыптын бешөөсүн негиздүү деп тапты.

Алмазбек Атамбаев 26-июнда жасаган билдирүүсүндө Батукаев маселеси боюнча Владимир Путин да өз сөзүн айтаарына ишенген.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.