Салттуу боз үйдөн заманбап боз үйгө

Боз үй — айрым көчмөн элдердин байыртан урунуп келе жаткан турак жайы. Боз
үйдү жыйып-тигүү көчмөн турмушка өтө ыӊгайлуу болгондуктан, Орто Азияда ал
бүгүнкү күндө да колдонулуп келатат. Алтургай, Кыргызстандын символуна айланган
боз үйдү мезгилдин өтүшү менен заман талабына жараша курууга да аракеттер
болууда. Буга Ысык-Көл облусундагы Алмазбек Акуновдун колунан жаралган эки
кабаттуу боз үй мисал боло алат.

“Башында эки кабаттуу боз үй болбойт дешкен”

Кийизден жасалган боз үй жеңил, чакан болуп, математикалык эсептөөлөрдүн негизинде курулат. Андыктан башка материалдан эки кабат болуп жасалуусу негизи эле ойго келбейт. Мындан улам Акуновдун оюндагы үйдү жасоо үчүн алгач уста, чеберлердин жардамы керек эле. Бул процесс оӊой менен ишке ашкан эмес дейт А. Акунов: “Мындай үйдү көп убакыттан берип пландап келген элем. 1980-жылдары  курулушта иштедим. Ошол убакта эле мындай боз үйдү кантип куруу керектигин ойлонуп, кыялдана берчүмүн. Былтыр боз үй сымал үй курган жаштар менен жолугуп калдым. Бир топ жыл бою оюмда жүргөн кыялымды аларга айтып бердим. Алар мен айткан боз үйдү кантип жасоо керектигин дароо эле элестете алышкан жок.”

“Бөтөлкө сымал бир нерсе болот го деп ойлодум”

Үйдү курууга катышкан усталардын бири Мирбек Алакенов кереметтүү боз үйдүн
жаралышы тууралуу буларды айтып берди: “Алмазбек Акунов келип эки кабаттуу боз
үй кургусу келгенин айтканда, биз буга чейин эки кабаттуу үйлөрдү курганыбыз менен,
аларды боз үйдүн калыбындай кыла албай койгонбуз дедик. Алгач ал ойлогон
дизайнын элестете алган жокмун. Бөтөлкө сымал бир үй болот го деп ойлодум. Андан
кийин үйдүн планын чийип көрдүк, ошондо боз үйдүн формасын бузбай курууга боло
турганы көрүндү бизге. Ошентип, ишке киришип калдык. Натыйжада ушундай
жакшынакай этно үй курулду.”

 

Бай өргөөнүн тышы боз үй, ичи заманбап үй

А. Акуновдун демилгеси менен курулган үй Кыргызстанда гана эмес, Орто Азия
боюнча алгачкы саамалык. Ошондуктан, Акунов аны атайын ат коюшу абзел болчу.

Илгери колунда бар бай адамдар жасаган чоң боз үйлөргө “бай өргөө” деп коюшчу.
Мен курган үй боз үйдүн заманбап түрү болгондуктан, бай өргөө деп атап койдум. Бай өргөө менен заманбап талаптар менен этно үйлөрдү айкалыштырса болорун көрсөтүүгө
аракеттендим. Бай өргөөнүн тышынан караганда боз үй, ичи заманбап үй. Үйдүн
астыңкы кабатында зал, ашкана, жуунучу жай, үстүндө жата турчу бөлмө, жууна турган
жер бар. Бай өргөөнүн экинчи кабатын толугу менен этно стилде кооздодум. Андагы ар
бир деталь байыркы кыргыздардын жашоосун элестетип турат. Астыңкы кабаты
заманбап болсун, бирок ошол эле учурда боз үйдүн формасы да сакталсын дедим. Ичин
дагы кооздоюн деген оюм бар. Мисалы, илгеркидей жыгач сандыктарды жасайын деп
жатам.

Түндүк: асманга караган терезе

‘Жайында курулушту үч ай дегенде бүтүрдүк. Салттык боз үй кийизден жасалат
эмеспи. Ал эми биздин боз үйдүн биринчи кабаты кирпичтен, экинчиси метал жана
жыгачтан жасалды. Себеби эки кабаттан турган бул боз үй баарынан мурда бекем
болушу керек да. Үйдү пландап жатканда, түндүктүн орду тууралуу да ойлондум.
Түндүк күндүзү күндү, ал эми түндөсү жылдыздарга сереп салуу үчүн эӊ сонун табылга
болгон да. Түндүктөн сырткары үйдүн капталдарында жарык киргизген терезелер да
бар“.

“Кыргыз көчмөн элинин жашоосун чагылдырам”

Акунов курган бай өргөөнүн жанында кийизден жасалган үч боз үй орнотулган.
Алардан бири – музей. Музей тууралуу Акунов буларды айтат:

Боз үй формасындагы
музей көпчүлүгүн кызыктырат. Өз күчүм менен курган бул музейде байыркы кыргыз
аскер кийимдеринен баштап, азыр жокко эсе болгон күнүмдүк улуттук кийимдер,
музыкалык аспаптар, улуу манасчы жана мүнүшкөр Саякбай Каралаевдин бүркүтүнүн
томогосу, белгилүү комузчу Чалагыз Иманкуловдун комузуна чейин бир топ буюм-
теримдер бар. Алтургай, салбуурунда уткан сыйлыктарымды да музейге алып келип
койгом. Бай өргөө менен боз үйлөр турган бакчанын ичине ат менен бүркүт гана
жетишпейт азыр. Аларды кошуп койсом, кыргыздын нукура көчмөн жашоосун
чагылдырган болом.

Иглу үйлөрүн да заманбап кылуу ойго келет

Бай өргөөнү жасаган соң, А. Акунов жылуу пикирлерди көп угуп, дагы шыктанып
калганын жашырбайт: “Учурда биз көбүнчө Европадагыдай үйлөрдү куруп жатабыз.
Бирок ата-бабаларыбыздан калган мурастарды унутта калтырбай, аларды учур
талабына жараша иштеп чыгып, салттуу үйлөрдү заманбап кылып курууга неге
болбосун. Менин дизайнымды көргөндөн кийин, Бишкекте ушул өӊдүү үйлөрдү кура баштагандарын байкадым. Ошондо эскимостордун иглу үйлөрүн да ушундай кылып
куруу ою жаралды. Балким, бирөөлөр менин бул идеямды ойлонуп ишке ашырып калар
деп ойлойм. Башкалар да менин ишимди көрүп шыктансын, илхам алсын демекчимин”,-деди.

 

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.