Заманбап технология улам күчтөнгөн сайын, адам баласынын руханий дүйнөсү улам пастап, жан дүйнөсүнө азык издегендердин катары улам азайып жаткандай. Ал эми көкүрөктөгү байлыктын жоголгону – адам болуунун эң зарыл жана асыл сапатынын жоголушу эмеспи.
Бирок, технология канчалык күчтөнсө да, жан дүйнөнү байытуунун жолдору таптакыр жок болуп кеткен жок. Тескерисинче, ар кырдуу ыкма менен руханий азык алуунун түрлөрү көбөйүүдө. Болгону, аны издеген, сураган адамдардын көптүгү азырынча биз ойлогондой эмес.
Бүгүн биз ошол жолдордун бирине – канча деген кылымдар мурда пайда болгон, дүйнөдөгү нечендеген элдин маданият очогуна айланган, дале болсо адамдын сезимине эргүү жана дем берип келаткан театр дүйнөсүнө кайрылдык. Максатыбыз, окурмандарыбызды өлкөбүздүн борборунда жайгашкан театрлар жана алардын репертуарлары менен тааныштырып, эс алууну каалагандар үчүн аз да болсо багыт берип кетүү.
Театрлар:
- Кыргыз республикалык Муса Жангазиев атындагы куурчак театры.
- Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры.
- Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театры.
- Кыргыз улуттук академиялык Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры.
- Кыргыз улуттук академиялык Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры.
- Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры.
- “Учур” драма театры.
- “Тунгуч” жаштар театры.
- Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театры.
Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры
Кыргыз ССР Эл комиссарлар советинин 1939-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган токтомунун негизинде, Мария Павловна Волкованын демилгеси менен профессионалдык биринчи куурчак театры ачылган. Театрда биринчи болуп Найдёнованын “Түлкү куумай” аттуу күлкүлүү пьесасы боюнча спектакль коюлган.
Аталган театр төмөнкү шаарлардан эл аралык куурчак фестивалдарынын дипломанты жана жеңүүчүсү болуп аталган: Ташкент (1975, 1976, 1995); Москва (1978); Алжир (1982); Манагуа (1987); Улан-Батор (1989); Актөбө (2004); Дүйшөмбү (2007, 2012); Казан (2009); Алматы (2011, 2014).
Май айындагы репертуары:
- “Лисёнок-плут”
- “Чоң энемдин көз айнеги”
- “Приключения Зайчонка”
- “Амалкөй Куйручук”
- “Не улетай!”
- “Тайбас”
- “Несносный слоненок”
- “Чыпалак бала”
Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театры
Театр алгач Кыргыздын жаштар жана өспүрүмдөр театры болуп 1929-жылы түзүлгөн. Бирок, таланттуу башкы режиссер Отунчу Сарбагышевдин каза болушу менен 1943-жылы жабылып калып, ошол бойдон 46 жылдан соң гана, тагыраак айтканда 1989-жылы көрүүчүлөргө өз көшөгөсүн ачкан.
1937-жылы, бул театрдан актриса катары 14 жаш курагында Бакен Кыдыкееванын жылдызы жанат. Ал Лопе де Веганын драмасы боюнча коюлган «Овечий источник» спектаклинде башкы каарман Лауренсиянын ролун мыкты аткарып, ошол замат элдин оозуна алынат, гезиттерге ысымы жазылат. Бул театрдын башат жылдарында өзүнүн сахнадагы өнөрүн кыргыздын дагы бир атактуу актрисасы Даркүл Күйүкова да баштаган.
Театрга Бакен Кыдыкееванын ысымы 2005-жылы ыйгарылган.
Театрдын репертуары боюнча маалымат: Имараттын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу май айына репертуар коюлган эмес, театрдын жамааты учурда гастролдо.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры
Театр 1926-жылы музыкалуу-драмалык студия катары негизделген. Алгачкы жетекчиси Николай Еленин. 1930-жылы Кыргыз мамлекеттик музыкалуу-драма театры, 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театры болуп түзүлгөн. 1970-жылы “академиялык” деген наам алган. Театр тууралуу кенен маалыматты төмөнкү шилтема аркылуу окусаңыз болот: https://www.kino-teatr.ru/teatr/87/
Май айындагы репертуары:
- “Темир аял”
- “Вестсайт окуясы”
- “Саманчынын жолу”
- “Алаамат келген күн”
- “Рахмат сага, Шекспир”
- “Күйөө бала”
- “Манастын уулу Семетей”
- “Керээз”
- “Кылым карытаар бир күн”
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры
Бул театр 1937-жылы Кыргыз мамлекеттик театрынын базасында музыкалык драма театры болуп Фрунзе шаарында уюшулган. Адегенде «Алтын кыз», «Ажал ордуна» музыкалык драмалары, андан соң 1939-жылы кыргыздын тунгуч улуттук операсы «Айчүрөк» коюлган.
1942-жылы ал Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры болуп түзүлөт. 1978-жылы белгилүү композитор Абдылас Малдыбаевдин ысымы ыйгарылат.
Опера жана балет театрынын http://www.operaballet.lg.kg/ сайтына баш багып, керектүү маалыматтарды алсаңыздар болот.
Май айындагы репертуары:
- “Саманчынын жолу”
- “Жизель”
- “Дүйнөлүк операнын шедеврлери”
- “Князь Игорь”
Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз улуттук академиялык орус драма театры
Театр 1935-жылы Фрунзе шаарында ачылган. 1939-жылдан 2008-жылга чейин Н.К.Крупскаянын ысымын алып жүргөн. 2008-жылы залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган.
Орус драма театры 1958-жылы Кыргыз искусствосунун Москвадагы экинчи декадасына катышып, профессионалдык жогорку чеберчиликтерин көрсөткөндөрү үчүн он беш республиканы камтыган бүтүндөй чоң өлкөнүн мыкты театрларынын бири болуп саналып калат. Бул бийик даражаны алар көптөгөн жылдар бою ала жүрүп, 1966-жылы болсо Кремл театрынын сахнасына чыгуу бактысына татыктуу болушат.
Театр тууралуу кенен маалыматты бул жерден караңыз: https://rusteatr.kg/
Май айындагы репертуары:
- “Дураки”
- “Поле”
- “Пеппи Длинный Чулок”
- “Жила-Была Сыроежка”
- “Сегиз…”
- “Чыңгызга ыр”
- “Люди мира сего”
- “Иван да Марья”
- “Мария Тюдор”
- “Теремок”
- “Лучший всадник короля”
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры
Театр 1990-жылы ачылып, эң алгач Токтоболот Абдумомуновдун “Жыгылган оогонго күлөт” пьесасы сахналаштырылган. Театрдын эң мыкты спектаклдери: “Аял жакшы – эр жакшы”, “Жамийла”, “Байтик баатыр”, “Тоолор кулаганда”, “Король лир”.
Май айындагы репертуары:
- “Маашырбек үйлөнөт”
- “Ажыраш аяк”
Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театры
Бул театр – Бишкек шаарында жайгашкан жалгыз муниципалдык театр. Аны КР эл артисти Арсен Өмүралиев жана анын жубайы, театрдын сынчысы Цыцыгма Өмүралиева экөө1993-жылы 25-апрелде негиздеген. Сахнасынын өзгөчөлүгү – ал элдин так ортосунда жайгашып, актёрлорду жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүн берип турат.
Кошумча маалыматты театрдын өздүк сайтынан алсаңыз болот: http://bgdt.kg/
Май айындагы репертуары:
- “Эсимде”
- “Любопытный слонёнок”
- “Чиполлино”
“Учур” драма театры
Кыргыз театр искусствосундагы жаш таланттарды өстүрүү максатында “Учур” мамлекеттик жаштар театры Улуттук телерадио корпорациясынын алдында 2001-жылы түзүлгөн.
Анын ачылыш аземи орус драматургу В. Афониндин “Сен жөнүндө, мен жөнүндө” аттуу спектаклин коюудан башталган. Театр республикалык жана эл аралык театр фестивалдарынын бир нече жолку лауреаты болгон: “Науруз” (Татарстан, 2002, 2009, 2013), бүткүл дүйнөлүк балдар фестивалы (Оман, 2003), эл аралык театр фестивалы (Казакстан, 2007, 2008), А. П. Чехов атындагы X эл аралык театр фестивалы (Россия, 2011), “Арт-Ордо” (Кыргызстан, 2008, 2013) ж. б.
Репертуары боюнча маалымат: Май айына театрдын репертуары жок. Учурда чыгармачыл жамаат Султан Раевдин “Топон” романын инициировкалап жатышат.
“Тунгуч” жаштар драма театры
Кыргызстандагы биринчи жеке менчик статусун алган “Тунгуч” жаштар драма театры 1989-жылы уюшулган. Ошол жылдан бери театрды СССРдин жана КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова жетектеп келет. Алгачкы спектакли – драматург Жеңишгүл Өзүбекованын “Апамдын махабаты” пьесасы. Театр республикалык жана эл аралык театралдык фестивалдарынын бир катар дипломдору, гран-прилери менен сыйланган жана КРдин Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгына (1999-ж) татыган.
Репертуары боюнча маалымат: Театр репертуарын жарыялабайт. Оюндар буйрутма боюнча коюлат.
Театрлардын Бишкек шаарындагы жайгашуусунун картасы
Кайсы театр популярдуу?
Бишкектеги театрлар жана анда эмгектенген искусство кызматкерлери – ар кандай жагдайларга, мезгилдин оош-кыйышына карабай өз ишин сүйгөн, элге көңүл майрамын тартуулаган адамдар. Ал эми көрүүчүлөрдүн театрга барганы – бул алар үчүн майрам.
Келгиле анда, бири-бирибизге майрам тартуулайлы!
Материалды даярдагандар НКЖ мектебинин окуучулары:
Мээрим ЭШИМБЕКОВА,
Назгүл ӨМҮРЖАНОВА,
Нурзат КАЗЫБЕКОВА,
Аида МАДАЛБЕКОВА,
Ыкыбал АЙДАРОВА.