Мугалимдин маянасы министрликти түйшөлтүүдө

 

 

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда иштеген 75 миңдей мугалим учурда орто эсеп менен 13 миң cом эмгек акы алат. Мугалимдердин маянасы мурдакыга караганда үч жарым эсеге жогорулаганын, мунун арты менен элет жериндеги мектептерде кадр маселеси чечилгенин белгилеп келет.

Мугалимдер болсо орточо айлык мындан бир топ аз экенин, азыркы базар шартында бул каражат күнүмдүк оокаттан ашпай турганын айтышат.

Токтогул районундагы мектептердин биринде орус тили адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенген Каныкей Садыкова министрликтин маалыматы боюнча:

Мен өзүм жогорку класстарга сабак берип келем, айлыгым 8 миңге жакын  чыгат. Бирок биздин мектепте эле 4-5миң айлыкка иштеген мугалимдер дагы бар. Андыктан министрликтин мындай айтуусу чындыкка туура келбей турган нерсе. Азыр базарга барсан 1000 сомго эч нерсе келбей калган заман”,- деген оюн билдирди.

Ал эми Бишкек шаарындагы мектептердин биринде эмгектенген Тынчтык Кидиңовдун мугалимдик кесипти аркалаганына 15 жылдан ашкан. Анын айтымында азыр эмгек акынын аздыгынан жаңыча ой жүгүрткөн өзгөчө жаш мугалимдер, эртеден кечке мектепте жүрүп, аз айлыкка байлангылары келбейт. Бул көрүнүш келечек ээлери болгон балдардын сапаттуу билим алышына терс таасирин тийгизбей койбойт.

Кээ бири 6-7 миң, эң алды 13-14 миңге чейин айлык алат. Бирок шаарда бул бир айдан кийинки айга араң жете турган акча. Көпчүлүк мугалимдер квартирага төлөйт, балдары мектепке барат ж.б. Негизи мугалимдин эмгек акысын сөзсүз жогорулатуу керек. Мугалимдерге мурдагыдай жардам, жеңилдиктер жок. Айлыкты көтөрүүгө өкмөт дагы аракеттенсе деп суранабыз”,- деди Кидиңов.

Мугалимдердин эмгек акысы жаңы окуу жылында дагы жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева социалдык тармактарда окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып билдиргени Билим акипресс маалымат сайтына чыккан.
Анын айтымында, эмгек акы маселеси президенттин, премьер-министрдин көзөмөлүндө.

“ Премьер-министрдин тапшырмасы менен министрликте чоң топ түзүлүп, бул маселе боюнча 2 вариантты сунуштап жатабыз. Биринчиси — эмгек акы мугалимдердин окуу жүктөмүнө жана билим деңгээлине жараша төлөнөт. Мисалы, орто кесиптик билими бар мугалимдерге саатына 60 сом, бакалавр деңгээли менен 67 сом жана магистр деңгээли менен 75 сом төлөнөт. Ал эми башталгыч класстын мугалимдери саатына 81 сом алат. Мугалимдердин 80%ы, 75 миң мугалим мектептерде иштеп жатса, алардын 68 миңи дипломго ээ. Биринчи сунушубузда магистр менен специалитетти теңдештирип, төлөмдөрдү 1 саатка эсептөөгө сунуш киргизип жатабыз.

Экинчиси — мугалимдердин эмгек акысы 3 бөлүктөн турат: базалык, компенсациялык жана стимулдук төлөмдөр. «Стимулдук төлөмдөр азыр 10% болсо, аны 20%га көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Ар бир мугалимдин ишмердүүлүгү кандай натыйжа алып келсе, ошого жараша стимулдук төлөмдөр 20%га көтөрүлүшү мүмкүн. Бул маселе, балким, жаңы окуу жылына чейин каралат”,- деп билдирген Кудайбердиева.

Мындан сырткары министр айлык акы мурунку жылдарга караганда бир топ жогорулаганын жана мугалимдин тажрыйбасына жараша орточо 2730 сом, бийик тоолорго 621 сом, айылдарда иштегендерге 700 сом кошумча кошулуп тураарын айткан.

Билим берүү тармагы боюнча адис Асылбек Жоодонбеков, эмгек акы салыштырмалуу жогорулаганы менен баалардын өсүшү эске алынбай келгенин айтат:

Бийик тоолуу райондордо, чарбасы бар жерлерде бул жакшы эле айлык. Бирок райондук борборлордо, шаарларда иштегендерге жетишсиз. Анткени көпчүлүгүнүн үй-жайы жок, балдары мектепке барат анын үстүнө жашоо кымбат. Айлыктын аздыгынан кесипкөй мыкты адистер мектептерге барбайт жана өзүнө ишенген жаштар башка тармактарга кетип жатышат”.

Ошондой эле мугалимдик кесиптин баркы өтө төмөндөп кеткенин жана көпчүлүк учурда мугалимдик адистикти тестирлөөдөн төмөнкү балл алып калгандар тандап, тапшырып жатканын кошумчалады.

КР Өкмөтү тарабынан 2011-жылдан тартып мугалимдердин эмгек акысы эки эсе көтөрүлгөн билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча.

Биринчи көбөйтүү: 2011-жылынын 19-январында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан билим берүү боюнча «айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө”  №18 токтом кабыл алынган.

Экинчи көбөйтүү: 2015 –жылдын 9-июлунда, 11-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө №473 жана №628” токтом кабыл алынган.

Нурзат Казыбекова

Сүрөт: Интернеттен алынды

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.