Бишкек шаарындагы театрларга саякат

Заманбап технология улам күчтөнгөн сайын, адам баласынын руханий дүйнөсү улам пастап,  жан дүйнөсүнө азык издегендердин катары улам азайып жаткандай. Ал эми көкүрөктөгү байлыктын жоголгону – адам болуунун эң зарыл жана асыл сапатынын жоголушу эмеспи.

Бирок, технология канчалык күчтөнсө да, жан дүйнөнү байытуунун жолдору таптакыр жок болуп кеткен жок. Тескерисинче, ар кырдуу ыкма менен руханий азык алуунун  түрлөрү көбөйүүдө. Болгону, аны издеген, сураган адамдардын көптүгү азырынча биз ойлогондой эмес.

Бүгүн биз ошол жолдордун бирине – канча деген кылымдар мурда пайда болгон, дүйнөдөгү нечендеген элдин маданият очогуна айланган, дале болсо адамдын сезимине эргүү жана дем берип келаткан театр дүйнөсүнө кайрылдык. Максатыбыз, окурмандарыбызды өлкөбүздүн борборунда жайгашкан театрлар жана алардын репертуарлары менен тааныштырып, эс алууну каалагандар үчүн аз да болсо багыт берип кетүү.

Театрлар:

  • Кыргыз республикалык Муса Жангазиев атындагы куурчак театры.
  • Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры.
  • Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театры.
  • Кыргыз улуттук академиялык Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры.
  • Кыргыз улуттук академиялык Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры.
  • Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры.
  • “Учур” драма театры.
  • “Тунгуч” жаштар театры.
  • Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театры.

 

Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры

Кыргыз ССР Эл комиссарлар советинин 1939-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган токтомунун негизинде, Мария Павловна Волкованын демилгеси менен профессионалдык биринчи куурчак театры ачылган. Театрда биринчи болуп Найдёнованын “Түлкү куумай” аттуу күлкүлүү пьесасы боюнча спектакль коюлган.

Аталган театр төмөнкү шаарлардан эл аралык куурчак фестивалдарынын дипломанты жана жеңүүчүсү болуп аталган: Ташкент (1975, 1976, 1995); Москва (1978); Алжир (1982); Манагуа (1987); Улан-Батор (1989); Актөбө (2004); Дүйшөмбү (2007, 2012); Казан (2009); Алматы (2011, 2014).

Жетекчиси: Болотбек Куламбаев.

Театрдагы орундуктардын саны: 270.

Билеттин баасы: 150-200 сом (3 жашка чейинкилерге кирүү бекер).

Дареги: Жусуп Абдрахманов көчөсү, 230 (Жибек-Жолу көчөсү менен кесилишет).

Байланышуу телефондору: +996(312) 67-06-17.

Май айындагы репертуары:

  • “Лисёнок-плут”
  • “Чоң энемдин көз айнеги”
  • “Приключения Зайчонка”
  • “Амалкөй Куйручук”
  • “Не улетай!”
  • “Тайбас”
  • “Несносный слоненок”
  • “Чыпалак бала”

 

Сүрөт интернет булагынан алынды.
“Чыпалак бала” – балдардын ой-толгоосун кеңейтүүгө, кыялдануусун өркүндөтүүгө, кыргыз тилин сүйүүгө, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого, атуулдук мекенчил сезимин ойготууга тамаша аркылуу үндөгөн жомок-комедия.

    Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театры

Театр алгач Кыргыздын жаштар жана өспүрүмдөр театры болуп 1929-жылы түзүлгөн. Бирок, таланттуу башкы режиссер Отунчу Сарбагышевдин каза болушу менен 1943-жылы жабылып калып, ошол бойдон 46 жылдан соң гана, тагыраак айтканда 1989-жылы көрүүчүлөргө өз көшөгөсүн ачкан.

1937-жылы, бул театрдан актриса катары 14 жаш курагында Бакен Кыдыкееванын жылдызы жанат. Ал Лопе де Веганын драмасы боюнча коюлган «Овечий источник» спектаклинде башкы каарман Лауренсиянын ролун мыкты аткарып, ошол замат элдин оозуна алынат, гезиттерге ысымы жазылат. Бул театрдын башат жылдарында өзүнүн сахнадагы өнөрүн кыргыздын дагы бир атактуу актрисасы Даркүл Күйүкова да баштаган.

Театрга Бакен Кыдыкееванын ысымы  2005-жылы ыйгарылган.

Жетекчиси: Жолдош Аманкулов.

Театрдагы орундуктардын саны: 120.

Билеттин баасы: 150-200 сом.

Дареги: Жусуп Абдрахманов көчөсү, 230 (Жибек-Жолу көчөсү менен кесилишет).

Байланышуу телефону: +996 (312) 67-05-87.

Театрдын репертуары боюнча маалымат: Имараттын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу май айына репертуар коюлган эмес, театрдын жамааты учурда гастролдо.


Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры

Театр 1926-жылы музыкалуу-драмалык студия катары негизделген. Алгачкы жетекчиси Николай Еленин. 1930-жылы Кыргыз мамлекеттик музыкалуу-драма театры, 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театры болуп түзүлгөн. 1970-жылы “академиялык” деген наам алган. Театр тууралуу кенен маалыматты төмөнкү шилтема аркылуу окусаңыз болот: https://www.kino-teatr.ru/teatr/87/

Жетекчиси: Асылбек Өзүбеков.

Театрдагы орундуктардын саны: 637.

Билеттин баасы: 200-400 сом.

Дареги: Т. Абдымомунов көчөсү, 222 (А.Орозбеков көчөсү менен кесилишет).

Байланышуу телефондору: +996 (312) 66-57-17.

Май айындагы репертуары:

  • “Темир аял”
  • “Вестсайт окуясы”
  • “Саманчынын жолу”
  • “Алаамат келген күн”
  • “Рахмат сага, Шекспир”
  • “Күйөө бала”
  • “Манастын уулу Семетей”
  • “Керээз”
  • “Кылым карытаар бир күн”

 

“Керээз” спектаклинин режиссеру – Марат Козукеев. Сүрөт интернет булагынан алынды.
“Керээз” тарыхый пьесасы драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык. Аны элге тартуулоодо Марат Козукеевдин эмгеги чоң. Бул анын эң соңку режиссердук иши болуп калды. Чыгарманы сахналаштырууда таланттуу өнөрүн, бар күч-кубатын бул ишке жумшаган Марат Козукеев  оюнду көркөм кеңешке көрсөтөөр алдында бу дүйнөдөн өтүп кетти.  

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры

Бул театр 1937-жылы Кыргыз мамлекеттик театрынын базасында музыкалык драма театры болуп Фрунзе шаарында уюшулган. Адегенде «Алтын кыз», «Ажал ордуна» музыкалык драмалары, андан соң 1939-жылы кыргыздын тунгуч улуттук операсы «Айчүрөк» коюлган.

1942-жылы ал Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры болуп түзүлөт. 1978-жылы белгилүү композитор Абдылас Малдыбаевдин ысымы ыйгарылат.

Опера жана балет театрынын http://www.operaballet.lg.kg/ сайтына  баш багып, керектүү маалыматтарды алсаңыздар болот.

Жетекчиси: Керим Турапов.

Театрдагы орундуктардын саны: 850.

Билеттин баасы: 500-2400 сом.

Дареги: Жусуп Абдрахманов көчөсү, 167.

Байланышуу телефондору: +996(312) 66-17-50.

Май айындагы репертуары:

  • “Саманчынын жолу”
  • Жизель
  • “Дүйнөлүк операнын шедеврлери”
  • “Князь Игорь”

 

“Жизель” балетинен бир көрүнүш. Сүрөт интернет булагынан алынды.
Учурда “Жизель” балети орусиялык жылдыздар прима балерина Оксана Кардаш жана Сергей Мануйловдун катышуусу менен коюлууда.

Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз улуттук академиялык орус драма театры

Театр 1935-жылы Фрунзе шаарында ачылган. 1939-жылдан 2008-жылга чейин Н.К.Крупскаянын ысымын алып жүргөн. 2008-жылы залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган.

Орус драма театры 1958-жылы Кыргыз искусствосунун Москвадагы экинчи декадасына катышып, профессионалдык жогорку чеберчиликтерин көрсөткөндөрү үчүн он беш республиканы камтыган бүтүндөй чоң өлкөнүн мыкты театрларынын бири болуп саналып калат.  Бул бийик даражаны алар көптөгөн жылдар бою ала жүрүп, 1966-жылы болсо Кремл театрынын сахнасына чыгуу бактысына татыктуу болушат.

Театр тууралуу кенен маалыматты бул жерден караңыз: https://rusteatr.kg/

Жетекчиси: Евгений Кузнецов.

Театрдагы орундуктардын саны: 728.

Билеттин баасы: 200-500 сом.

Дареги: Касым Тыныстанов көчөсү, 122 (А. Пушкин көчөсү менен кесилишет).

Байланышуу телефондору: +996(312) 66-20-32.

Май айындагы репертуары:

  • “Дураки”
  • “Поле”
  • “Пеппи Длинный Чулок”
  • “Жила-Была Сыроежка”
  • “Сегиз…”
  • “Чыңгызга ыр”
  • “Люди мира сего”
  • “Иван да Марья”
  • “Мария Тюдор”
  • “Теремок”
  • “Лучший всадник короля”

 

“Чыңгызга ыр” спектаклинен бир көрүнүш. Сүрөт интернет булагынан алынды.
“Чыңгызга ыр” спектаклин италиялык режиссер-коюучу Андреа Бенальо улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде сахналаштырган. Бул спектаклден Чыңгыз  Айтматовдун “Кыямат”, “Чыңгызхандын ак булуту”, “Кылым карытаар бир күн”, “Кассандра тамгасы”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” чыгармаларындагы баш каармандарды кезиктирүүгө болот.

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры

Театр 1990-жылы ачылып, эң алгач Токтоболот Абдумомуновдун “Жыгылган оогонго күлөт” пьесасы сахналаштырылган. Театрдын эң мыкты спектаклдери: “Аял жакшы – эр жакшы”, “Жамийла”, “Байтик баатыр”, “Тоолор кулаганда”, “Король лир”.

Сүрөт интернет булагынан алынды.

Жетекчиси: Орозбек Айдаров.

Кошумча маалымат: Учурда театрдын жеке имараты жок, оюндарды Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында коюшат.

Билеттин баасы: 50-100 сом.

Дареги:  Жусуп Абдырахманов көчөсү, 230 (Жибек-Жолу көчөсү менен кесилишет).

Байланышуу телефондору: +996(706) 277 973, +996(555) 277 973.

Май айындагы репертуары:

  • “Маашырбек үйлөнөт”
  • “Ажыраш аяк”

 

Сүрөт интернет булагынан алынды.
2016-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен уюштурулган Театрлар таймашынын экинчи беттешүүсүндө Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын жамааты  Токтоболот Абдумомуновдун комедия жанрындагы “Маашырбек үйлөнөт” спектаклин аткарып, жеңишке жетишкен.

Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театры

Бул театр – Бишкек шаарында жайгашкан жалгыз муниципалдык театр. Аны КР эл артисти Арсен Өмүралиев жана анын жубайы, театрдын сынчысы Цыцыгма Өмүралиева экөө1993-жылы 25-апрелде негиздеген. Сахнасынын өзгөчөлүгү – ал элдин так ортосунда жайгашып, актёрлорду жакындан көрүү  мүмкүнчүлүгүн берип турат.

Кошумча маалыматты театрдын өздүк сайтынан алсаңыз болот: http://bgdt.kg/

Жетекчиси: Мисиралы Букеев.

Билеттин баасы100-200 сом.

Дареги: Чүй көчөсү, 28 (Чыгыш 5  кичи району).

Байланышуу телефондору: +996(312)46-44-17.

Май айындагы репертуары:

  • “Эсимде”
  • “Любопытный слонёнок”
  • “Чиполлино”

 

““Любопытный слонёнок” спектакли учурундагы көрүнүш. Сүрөт интернет булагынан алынды.
“Любопытный слонёнок” спектакли биринчи жолу 2017-жылдын 11-декабрында коюлган. Аталган театрда эң көп коюлган спектаклдердин бири ушул.

“Учур” драма театры

Кыргыз театр искусствосундагы жаш таланттарды өстүрүү максатында “Учур” мамлекеттик жаштар театры Улуттук телерадио корпорациясынын алдында 2001-жылы түзүлгөн.

Анын ачылыш аземи орус драматургу В. Афониндин “Сен жөнүндө, мен жөнүндө” аттуу спектаклин коюудан башталган. Театр республикалык жана эл аралык театр фестивалдарынын бир нече жолку лауреаты болгон: “Науруз” (Татарстан, 2002, 2009, 2013), бүткүл дүйнөлүк балдар фестивалы (Оман, 2003), эл аралык театр фестивалы (Казакстан, 2007, 2008), А. П. Чехов атындагы X эл аралык театр фестивалы (Россия, 2011), “Арт-Ордо” (Кыргызстан, 2008, 2013) ж. б.

Жетекчиси: Шаршебек Шейшенов.

Дареги: Т. Абдымомунов көчөсү, 222 (жеке имараты жок).

Байланыш телефондору: +996 (312) 66-57-17.

Репертуары боюнча маалымат: Май айына театрдын репертуары жок. Учурда чыгармачыл жамаат Султан Раевдин “Топон” романын инициировкалап жатышат.

Лондондогу The Space театрында коюлган «Топон” спектакли. Сүрөттө: Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова. Сүрөт интернет булагынан алынды.
Султан Раевдин “Топон” романы Швециянын борбору Стокгольмдо өткөн Эл аралык адабият фестивалында баш байгени жеңип, Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы адабий сыйлыкка татыган. Бул фестивалга дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашуун авторлор ири прозалары (повесть, роман) менен катышкан.

“Тунгуч” жаштар драма театры

Кыргызстандагы биринчи жеке менчик статусун алган “Тунгуч” жаштар драма театры 1989-жылы уюшулган. Ошол жылдан бери театрды СССРдин жана КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова жетектеп келет. Алгачкы спектакли – драматург Жеңишгүл Өзүбекованын “Апамдын махабаты” пьесасы. Театр республикалык жана эл аралык театралдык фестивалдарынын бир катар дипломдору, гран-прилери менен сыйланган жана КРдин Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгына (1999-ж) татыган.

Жетекчиси: Жамал Сейдакматова.

Орундуктардын саны: 150.

Билеттин баасы: 100-200 сом.

Дареги: Чүй көчөсү, 168 а (Ж. Турусбеков көчөсү менен кесилишет).

Байланышуу телефондору: +996(312)61-36-39.

Репертуары боюнча маалымат: Театр репертуарын жарыялабайт. Оюндар буйрутма боюнча коюлат.


 

Театрлардын Бишкек шаарындагы жайгашуусунун картасы

Айрым театрлардын оюндарына буйрутма аркылуу да электрондук билеттерди сатып алсаңыздар болот. Ал үчүн https://ticket.kg/ сайтына кириңиздер.

Кайсы театр популярдуу?

Бишкек шаарында жайгашкан театрларга акыркы 3 жылда келген көрүүчүлөрдүн саны.

Бишкектеги театрлар жана анда эмгектенген искусство кызматкерлери – ар кандай жагдайларга, мезгилдин оош-кыйышына карабай өз ишин сүйгөн, элге көңүл майрамын тартуулаган адамдар. Ал эми көрүүчүлөрдүн театрга барганы – бул алар үчүн майрам.

Келгиле анда, бири-бирибизге майрам тартуулайлы!

Материалды даярдагандар НКЖ мектебинин окуучулары:
Мээрим ЭШИМБЕКОВА,
Назгүл ӨМҮРЖАНОВА,
Нурзат КАЗЫБЕКОВА,
Аида МАДАЛБЕКОВА,
Ыкыбал АЙДАРОВА.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.