“Кыргыз кызы түрк элин мукам үнү менен багындырды”

Түркия салттуу музыка жарышмасына Кыргызстандагы “Томер” окуу курсунун студенттери катышты. Сынак 3 турдан туруп жалпы жонунан 40 адам катышты. Биринчи турдун тандоосу менен 2-турга 20 гана адам тандалып алынды. Андан кийин финалдык тандоо болуп, калыстар тобу 10 гана адамды тандап алышты.

Финал үстүбүздөгү жылдын 30-апрель күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болду. Финалга ат салышкан инсандар чоң сахнада өздөрүнүн күчүн сынашты.Катышуучулар мукам үндөрү менен угармандарды таң калтырды.Залда отурган адамдар өздөрүн Кыргызстан да эмес Туркиянын бир бурчунда жүргөндөй элестетип, кубануу менен угуп жатышканын жашырышкан жок.

Сынактагы калыстар тобунун айтымында, мындай иш-чаралар тил үйрөнүп жаткан адамдарга абдан керек. “Ушундай жарыштар байма-бай өтүп турса, жаштардын руханий жактан байышына өбөлгө түзүлмөк”-дейт Мурат мырза.

Бул жарыштын жеңүүчүсү деп Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университеттин 2018-жылы бүтүргөн Гүлжан Үсөйүн кызы табылды. Экинчи орунду Нуризат Замир кызы ал эми үчүнчү орунду Элера Кабилжан кызы ээлешти.

Гүлжан бул жеңишти багындырганына көпкө чейин ишене албай, качан гана жакындары телефон чалып куттуктап баштаганда билгенин маектешип жатып билдирди. Алардан озуп чыгуу бир кыйла оор болгонун жашырган жок.

“Мен үчүн күтүлбөгөн нерсе болду, биринчи орунду алды деп мени айтканда, жаңылып калдыго деп маани бербей ишене алган жокмун, белекти беришкенде да, ичимден жаңылып берди, азыр алат деп ойлонуп турдум, себеби финалга өткөн 10 катышуучу тең аябай күчтүүлөр болчу, мен өзүм 3-орунга илинет болдум бекен деп ойлонуп жүргөм”-дейт Гүлжан айым.

Финалга 1980-жылы жазылып “Эзгинин гүнлүгү” группасы ырдап чыккан “Сигарамын туманы” аттуу ыр менен чыгып, ийгиликке жетишти. Өз сөзүндө ар бир окурманга, мындай кароо-сынактарга коркпостон катышып, талантты жашырбоону каалап кетти.

Жакынкы аралыкта Гулжан айым биринчиликти багындырганы үчүн алган учак билети менен Турция мамлекетине саякаттоону пландаштырып жатат. Муну менен кошо концертке келген көрөрмандардын ичинен да эки адам учак билетин утуп алышты, аларда саналуу күндөрдүн ичинде саякаттого чыгышат. Эмесе саякаттоочуларга ак жол каалайбыз.

Бул иш-чара салтка айланып, жыл сайын белгиленери күтүлүпжатат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.