Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин санынын өсүшү күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин санынын өсүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу 16-апрелде өткөн маалымат жыйында Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы Кыргызстанга ар кайсы мамлекеттерден 6 млн. 950 миң адам келген, ал эми быйылкы жылы андан да көп келүүсү  күтүлүүдө.

“ Кыргызстанга кирген 7 млн. го жакын чет өлкөлүк жарандардын жарымы турист. Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин санынын өсүшү күтүлүүдө. Доха менен Сеулдан түз каттам ачылып, ал туристтердин санынын көбөйүшүнө түрткү болот. 2019-жылы былтыркы жылдагы сандан ылдый болбойбуз, божомол боюнча 7 млн. 600 миң башка өлкөнүн жарандары кирет деп жатабыз.  Негизги агым араб өлкөлөрү менен Сауд Арабиясынан болот”

Ал ошондой эле Кыргызстанда өткөн III дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өлкөнү жарнамалоого жакшы жардам бергенин жана жаңы туристтик маршруттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстанга туристтер негизинен КМШ өлкөлөрүнөн келишет. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 45 өлкө үчүн визасыз режим бар.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.