Бишкекте сейрек кездешүүчү могнолия багы гүл ачты

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта (дендрарий) сейрек кездешүүчү магнолия багы гүл ачты. Бул тууралуу бизге дендрарийде иштеген илимий кызматкер Алина Валентиновна маалымдады.

Анын айтымында өлкөбүздө магнолиянын эки гана түрү бар:

Магнолиянын аңкыган жытын, керемет кооздугун сүрөттөп берүү жетишсиз. Ал апрель-май айларында гүлдөгөндүктөн, ушул убакыттар аралыгында Дендрарийге келип көрүп кетсеңиздер болот. Сейрек кездешкен, өтө кооз өсүмдүктөрдүн катарын толуктайт. Учурда бул өсүмдүктү кыска убакыттын ичинде көбөйтүп, жергебизге жайылтуу жолдорун изилдеп жатабыз

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында жайгашкан Ботаникалык бакка эң биринчи жолу могнолия 1976-жылы Киевдин ботаникалык багынан алынып келинген. Магнолия – жыттуу чоң гүлү бар жана дайыма жалбырактары көгөрүп туруучу декоративдик өсүмдүктөрдүн бир түрү. Ал байыркы өсүмдүктөрдүн катарын толуктайт. Дүйнө жүзүндө 80ден ашуун түрү кездешет.

Бүгүнкү күндө өзгөчө корголуучу территория статусуна ээ Ботаникалык бакта магнолия менен бирге Кыргызстанда аз кездешкен Европа церциси, мускари гүлү, Моулей айвасы гүл ачып турган кези. Мындан сырткары Түндүк Америка, Европа, Ыраакы Чыгыш, Борбордук Азия, Сибирь, Крым, Кавказ жана Кыргызстандын аймактарында өскөн өсүмдүктөрдүн 5000 түрүн көрүүгө болот.

Ботаникалык бак тууралуу толук маалымат менен мекеменин сайтынан таанышсаңыздар болот:http://www.botanica.kg/information/

Ыкыбал АЙДАРОВА

Comments 1

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.