Author archives

Кремль Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча үн катты

Расмий Кремль Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратылышы өлкөнүн ички иши деп эсептейт. Мындай пикирин Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин TAAS.RU агенттиги жазып чыкты. “Бул Кыргызстандын ички иши болуп саналат. Биз бул иштерге кымындай да аралаша албайбыз”, – деген ал Бүгүн, 27-июнда экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун 103 депутат жактырып, 6 депутат каршы …

Президент: Турмуштун күрөө тамырын кол менен кармап, аймактарга тез-тез каттоо керек

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн,   26-июнда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда өлкөнүн агрардык тармагынын учурдагы абалы жана мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Президент белгилегендей, чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөн гана статистикалык орган болбой,   агрардык тармактагы реформаларды …

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин санынын өсүшү күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин санынын өсүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу 16-апрелде өткөн маалымат жыйында Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы Кыргызстанга ар кайсы мамлекеттерден 6 млн. 950 миң адам келген, ал эми быйылкы жылы андан да көп келүүсү  күтүлүүдө. “ Кыргызстанга кирген 7 млн. го жакын чет өлкөлүк жарандардын жарымы турист. Быйыл Кыргызстанга …