Президент: Турмуштун күрөө тамырын кол менен кармап, аймактарга тез-тез каттоо керек

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн,   26-июнда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда өлкөнүн агрардык тармагынын учурдагы абалы жана мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Президент белгилегендей, чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөн гана статистикалык орган болбой,   агрардык тармактагы реформаларды алдыга жылдырган аракеттердин локомотиви болушу керек.

«Жер-жерлерде айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл,   ар дайым турмуштун күрөө тамырын кол менен кармап, аймактарга тез-тез каттоо керек. Негизги максат айыл чарба продукцияларынын экспортунун көлөмүн арттыруу керек. Айыл чарба тармагына республикалык бюджеттен, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан жана башка каржы институттары тарабынан жетиштүү каражаттар бөлүнүүдө, ошондуктан аларды натыйжалуу пайдалануунун үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү зарыл»

Мамлекет башчысы  айыл чарбасын өнүктүрүүнүн мыйзамдык базасын жакшыртып, кошумча инвестицияларды тартуу жана илимий методдорду пайдалануунун маанилүү экенин баса белгиледи.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев

«Аймактарда айыл чарба продукцияларын сатуудагы кырдаал мага жакшы тааныш. Алдын ала пландаштыруу боюнча иштерди күчөтүү зарыл, так эмес божомолдор кандай кырдаалга алып келерин көрдүк. Министрлик дыйкандарда жаралган кырдаал боюнча стереотиптерди жоюусу, алар өздөрүнүн продукцияларын сатуу учурунда зыян тартпагандай болушу керек»

Сооронбай Жээнбеков  өлкөдөгү ата-мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүү жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттук потенциалды колдонуу боюнча иштерди күчөтүүнү сунуштады. Эт-сүт продукцияларын, мөмө жана жашылча жемиштерди, жүн жана башка айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоону көбөйтүү боюнча кайра иштетүүчү ишканалар менен иштерди жүргүзүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы аймактарды сугат суусу менен өз убагында камсыз кылуунун зарылдыгын жана ирригациялык инфраструктураны куруу боюнча иштерди активдештирүүнү белгиледи.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бүгүнкү күнгө карата министрликтин ишиндеги негизги артыкчылыктар катары үч багыт аныкталганын билдирди.

Биринчичи — бул экспортту колдоо жана ата-мекендик айыл чарба продукцияларын тышкы рыноктордо илгерилетүү.

«Биз 18 ассоциациялар менен меморандум түздүк, бул 400 миңден ашык фермерлер менен түз иштөөгө мүмкүндүк берет. Министрликтин курамында ата-мекендик продукцияларды чет элдик рынокторго чыгаруу боюнча ишти күчөтүү үчүн экспортту илгерилетүү боюнча жаңы бөлүм түзүлдү. Маселен, буга чейин кытай тарап менен коондорду жана алчаны экспорттоо тууралуу макулдашуу болсо, быйыл унду, кургак сүттү жана быштакты экспорттоо жөнүндө макулдаштык. Азыркы кезде төө буурчакты жана картошканы чет өлкөлүк рыноктордо сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»

Экинчиси — тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү. Министр президентке региондордо кайда жана кандай айыл чарба ишканалары артыкчылык тартипте ишке киргизиле турганы белгиленген картаны көрсөттү.  Бул багытта Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду, «Айыл банк», «РСК Банк» жана «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомдору менен активдүү иш жүргүзүлүүдө.

Үчүнчүсу — региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында «Айыл маалымат» мамлекеттик ишканасынын базасында жаңы мамлекеттик ишкана — «Санарип айыл чарбасы» түзүлөт. Анын негизги максаты — агрардык тармактагы процесстерди санариптештирүү.

Министр Эркинбек Чодуев жогоруда айтылгандардан тышкары, кооперативдик чарбалардын тармагын кеңейтүүгө, үрөнчүлүк ишканаларды, асыл тукум мал чарбачылыгын жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө басым жасала тургандыгын айтты.

Эркинбек Чодуев ушул жылдын 30-майында министр болуп  дайындалган.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.