Бишкекте сот кызматкерлери Ч. Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырды

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 14-июнда дүйнөлүк жазуучу, академик Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Октябрь райондук соттору тарабынан, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен уюштурулду. Көрүүчүлөргө жазуучунун «Саманчынын жолу» жана «Гүлсарат» повесттеринин негизинде коюлган спектаклдер тартууланды.

Ч. Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырган сот кызматкерлери.

Бул сахналаштырылган чыгармалар 2018-жылдын декабрь айында Илимдер академиясында Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган соттор арасындагы сынактын жыйынтыгынын негизинде байгелүү орундарга ээ болгон.

«Саманчынын жолу» спектаклин Биринчи май райондук сотунун кызматкерлери сахналаштырса, «Гүлсарат» чыгармасы Октябрь райондук сотунун кызматкерлеринин аткаруусунда көрөрмандарга көрсөтүлдү. Иш-чаранын соңунда академик А.Акматалиев сот кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, «Манас» эпосунун 10 томдук китептерин белекке берди.

Ч.Айтматовдун үй-бүлөсүнүн атынан Роза Айтматова ыраазычылык сөзүн сүйлөп, бул тарыхый саамалык башка мамлекеттик мекемелер арасында да улантылса деген тилегин билдирди:

Мен бул убакытка чейин Чынгыз Төрөкуловичтин чыгармаларынын негизинде сахналаштырылган көп эле спектаклдерди көргөм. Бирок, бүгүн өзүңүздөр күбө болгондой сот кызматкерлери жазуучубуздун чыгармаларын чоң сахнада, жогорку деңгээлде аткарып беришет деп такыр ойлогон эмес экенмин. Чыгармаларды сезип, туюп, аны кайра башкаларга жеткизе билген сезимталдык таланты бар бул кызматкерлер, өз иштеринде да, сөзсүз түрдө адилеттүүлүк принцибин карманышат деген ишеничим чоң.

Андан сырткары, иш-чарага УИАнын академиктери, мүчө-корреспонденттери, илимий жана сот кызматкерлер, ошондой эле  коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр жана жазуучунун чыгармачылыгын баалаган окурмандар катышты.

Ч. Айтматовдун карындашы – Роза Айтматова.

ЫКЫБАЛ Айдарова

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.