Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору

2019-жылы Ош шаарын Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыялоо чечими Түркиянын Кастамону шаарында 2018-жылдын 18-декабрында өткөн ТЮРКСОЙго мүчө-өлкөлөрдүн Маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 36-жыйынында кабыл алынган. Жыйында ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүсен Касеинов  Кыргызстандын Ош шаарынын «2019 Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары» болгонун жарыялап, уюмдун  жалпы өкүлдөрүн ал жакка чакырган. Ош шаарында «Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанаты 20-апрель күнү борбордук А.Сүйүмбаев стадионунда болуп өттү.

Ош – Сулайман пайгамбар из калтырган ыйык жер. Шаардын аймагындагы Сүрөттүү ташта, Сулайман-Тоодогу адам колу менен тартылган байыркы сүрөттөрдө “Асман аттары“ аталышы менен ааламга даңазасы кеткен Даван күлүктөрү, Күн Адамынын элестери чагылдырылган.

Б.з.ч 2-к. ортосунан орто кылымдардын ортосуна чейин өкүм сүргөн эл аралык соода жана карым катнаш жолу болгон Жибек жолу Ош шаары аркылуу өткөн.

Атактуу Бабур жашап өткөн касиеттүү шаар. Бабур өз чыгармаларында Ошту ажайып кооз, бейиш катары сүрөттөгөн. Ушул чөлкөмдү байырлап, өзүнүн өлбөс-өчпөс Бабур-Намэсин жараткан.

                         Оштун чечмелениши

 Ошпур курган Ош шаары

“Манас” эпосунда Манаска бала чагында тарбия берген, аны эр жүрөктүүлүккө үйрөткөн Ошпур баатыр мына ушул Ош калаасын негиздөөгө салым кошкону туурасында төмөндөгүдөй эскерилет:

“Ошпур курган бул калаа,
Өз атына Ош болсун.
Чыккынчыга кас болсун,
Калыстарга дос болсун”.

 Өөш-өөш -Ош

Бул суроого азыркыга чейин так жооп жок. Калаанын Ош деп аталып калышы боюнча уламыштар ондоп саналат. Эң алгачкысы жөнөкөй. Мектепте окуган тарых, адабият китептеринде “Сулайман пайгамбар бир дарыянын боюна келгенде уйларды “өөш” деп айдаган экен. Анан “өөөш, өөш” деп атып, кийин “Ош” деген жер топоними келип калган деп айтылат.

 Уч – Уш-Ош

Этнограф, филолог Абдимитал Мурзакметов болсо, жердин аты кадимки эле “Уч” деген сөздөн келип чыккан дейт. Ош шаарына Араван тараптан келе жаткан тоо кыркалары (Керме-Тоо деп аталат), шаарга жете бергенде жок болуп кетет дагы (жердин ичине кирип кеткенсип), анан бир канча километрден кийин кайра чыгат. Ал тоо Сулайман-Тоо деп аталат. Асмандан караса, тоолор бири-бири менен туташ экени көрүнүп турат. Бул ошол тоолордун учу делип атып анан, “Уч… Уш… Ош…” делип калган дейт. Азыр деле өзбек калкында Ош деген сөз Уш делип, Учка жакыныраак айтылат.

Археолог, окумуштуу Кадича Ташбаева Ош шаарын VI-кылымдагы Даван мамлекетинин Эрши шаары деп атайт. Анын пикири боюнча “Эрши-Эши-Оши-Ош…” деп өзгөрүп калган.       Шаардын үч миң жылдык тарыхы окумуштуулар тарабынан ар тараптуу изилденген. Бирок шаардын аталышы боюнча азырынча бир пикир жок.

 

 

 

                       

Оштун тарыхый эстеликтери

Ош шаары тарыхый-арихитектуралык, маданий борборлорго бай. Төмөндө Ош шаарындагы белгилүү тарыхый-архитектуралык эстеликтер жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Сулайман-Тоо

Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган.  Узундугу – 1140, туурасы – 560 метр. Шаарга салыштырмалуу бийиктиги 300-350 метр. Тоодо бир нече чокулар: Баара-Таг же Сулайман тоо, Шор-Таг, Рушан-Таг, Ээр-Таг,  Кекилик-Учар бар. Ошондой эле үңкүрлөрү да бар.  Биринчи чокунун түндүк жагындагы бирөөсү барууга мүмкүн эмес жерде. Экинчиси – Чакатамар. «Чакатамар» сөзү “тамчы” дегенди билдирет. Бул үңкүр барган адам үчүн таңкалычтуу, сүрдүү. Тепе-Үңкүр, Чилтен-Хан үңкүрү тийиштүү. Мунун 3 оозу бар,  Ишен-Үңкүр, Руша-Үңкүрү, Хуркыз жана башка үңкүрлөр бар.

Ошондой эле бир нече сыйынуучу жайлар ыйык жайлар бар: Бел таштан, Кол таш , Бешик энеге , Хуркызга , Кырк чилтен.  Сыйынуучулардын саны бир жылда 16-17 миң адамды түзөт. Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Бабурдун үйү

Бул жай ХVI кылымга таандык архитектуралык эстелик.  Улуу Моголдор династиясынын негиз салуучусу, акын жана ойчул Бабур Захиреддин Мухаммеддин үйүн эл Сулайман-Тоо мечити деп да аташат. Бабур айтылуу Амир Темирдин урпагы болгон жана 1483-1530-жылдары жашаган. 11 жашында атасынын ордуна Фергананын ханы болуп дайындалган. Ошол кезде бул үйдү салдырган. Тоодогу таштардан байыркы көптөгөн петроглифтер табылган.

 


 

 

Алымбек датка медресеси

Кокон хандыгындагы эң ири медреселердин бири, Ак-Буура дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Медресенин ээлигинде вакфтык кеңири жер майдандары болгон. Медресе XIX кылымдын 50-жылдары курулган. Күбөлөрдүн айтымына караганда Алымбек датка медресесинин жасалгасы Кокон хандыгынын медресесинен калышпаган. Медресе бекемдиги менен өзгөчөлөнгөн бышкан кыштан салынган. Медресенин ичинде мечит, дарсканалар, ашканалар, 3 мударис жана 100 чакты дарис жашаган 28 бөлмө болгон. Медресенин узун-туурасы 40 Х 50 м., бийиктиги 5 м. жана 15 метрге жеткен эки мунарадан турган. Курбан айт жана Орозо айт күндөрү миңге жакын мусулман сыйынган. Алымбек датканын жеке буйругу менен медресе менен шаардын борборун байланыштырган асма көпүрө курулган. Орус бийлиги келгенден кийин 1920-1930-жылдары медресе буздурулган.

 

 

Абдуллахандын мечити

Абдулла Букар хандыгын жүздөгөн жылдар бою башкарган Шейбаниддердин династиясынын көрүнүктүү мүчөсү болгон. Абдуллахан 1543-жылы Африкент жергесинде жарыкка келген, азыр бул аймак Өзбекстандын Самарканд облусу. 49 жашында атасынын өлүмүнөн кийин Букар хандыгынын башына турган. Абдуллахан II медреселердин, мечиттердин, кербен-сарайлардын, жада калса суу сактагычтардын курулушуна чоң көңүл бурган. Дал анын бийликте турган убагында Букарада турган белгилүү бет-маңдай салынган Кош ансамбли курулган. Алардын бирине хандын апасы Модаринин, ал эми экинчисине хандын өзүнүн ысымы берилген.

Тарыхчылардын айтымында, байыркы кездерде кең Букар хандыгынын четинде жайгашкан мечиттер чептердин жана кербен-сарайлардын дагы ролун аткаргандыктан аларга «рабат» деген ат дагы берилчү. Араб тилинен которгондо, бул сөз «чеп же бир нерсенин бекемделген жери» деп которулат.

 

 

Абдурахман аптабачинин мечити

 

Бул архитектуралык эстеликти Оштун тарыхын өмүрүндө жок дегенде бир жолу окуган адамдардын көпчүлүгү жакшы  тааныйт. Анткени XIX кылымда курулган бул сапаттуу  литография шаардын тарыхы жөнүндө даярдалган материалдарда абдан көп колдонулат. Бул ак мечит Абдурахман аптабачинин мечити деген ат менен белгилүү. Абдурахман аптабачи (мынтип феодалдык Кокондо хан тамакка отураарда колуна суу куюп берген адамдарды айтышчу) Кокон хандыгынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон. Ал 1852-жылы атасы миңбашчы Мусулманкулдун башын алган Кудаяр хандын уулу Насриддин ханды тактыдан түшүрүү боюнча кыймылды жетектеген. Ак мечиттин келбетин бизге чейин жеткирген алгачкы литография француз этнографы Мари де Уйфалье-Бурдондун 1880-жылы жылы чыккан «Парижден Самаркандга чейин» атуу китебине чыккан. Ага ылайык, ак мечит Ак-Буурадан алыс эмес жерде жайгашканын биле алабыз.

 

 

 Ак-Буура дарыясы

Шаардын ортосунан агып өткөн Ак-Буура дарыясы тууралуу эл арасында ар түрдүү уламыштар айтылып келет. Айтылган уламыштардын биринде Андагул аттуу бий эрте жазда жайлоого малын айдап чыгат. Оргуштап аккан кара суудан малы аркы жээкке кечип өтө  албай туруп калат. Бийдин чоң ак буурасы сууну бөгүп тосуп, кечүүнү тоскон. Ошондо ак буура үч жолу бакырып,  ташка айланат. Бий андан соң малын айдап өткөн экен. Ошон  кийин эл арасында буура бөгөгөн суу Ак-Буура аталып калган.

Дарыянын узундугу 136 чакырымга жетет. Алай кырка тоосунун түндүк капталынан башталып, Ак-Буура капчыгайы аркылуу агат. Жогорку агымы Кичи Алай, ортоңкусу Турук деп аталат.

 

 

 

Жайма базар

Ош шаары Жер Ортолук деңизи менен Жакынкы Чыгышты Памир, Тибет, Кытай, Индияны байланыштырган Жибек-Жолундагы маанилүү соода борбору болгон. Калаа илгертен базар, кербен-сарайлары менен таанылган. Башкы базар Ак-Буура дарыясынын сол жээгинен орун алып, чыныгы чыгыш стилинде. Эки миң жылдан ашык убакыттан бери базардын аймагы кеңейип, кейпи өзгөрсө да, байыркы кезде алган ордунан жылган эмес.

Оштон чыккан атактуу аалымдар

Байыркы Оштун байманалуу тарыхы араб, перс, европа элдеринин эң атактуу окумуштуулары менен тарыхчыларынын эмгектеринде ташка тамга баскандай жазылып калган.

Ошто нечендеген Омар ибн Муса аль Оши, Али ибн Осман, Абдаллах али Оши сындуу даанышман ойчул-окумуштуулар, ислам аалымдары, чыгаан акындар жашаган.

Мусулмандар дүйнөсүнө Сиражиддин деген ат менен даңкы чыккан, XII кылымда өмүр сүргөн аалым Али ибн Осман да Ош жергесинен. Анын “Фетави Сиражите“ же “Сиражуддиндин фатвасы“ деген кол жазмасы 1827-жылы Калькуттада жарык көрүп, ал эми 1915-жылы Англияда кайрадан басылып чыккан.

Ал эми дагы бир мекендешибиз Абдаллах аль Оши ошол кездеги Багдаддын илимий чөйрөсүнө чыгаан теолог, окумуштуу катары таанылган. Ал Багдаддын илимий борборлорунда дарс окуган.

Өз учурунда Омор ибн Муса аль Оши(аль Хамави) Мысыр, Багдад, Мекке шаарларынан гоеграфия, тарых, дин, маданият, адабият, фольклор, этнология боюнча билим алган. Башка илим тармактары боюнча энциклопедиялык сөздүк түзгөн.

Ош – Түштүк борбору

Ош шаары – Ош облусунун административдик борбору. “Түштүк борбор” деген расмий макамы бар.

Кыргызстандын түштүгүндө Бишкектен түштүк-батышты карай 300 чакырым аралыкта (унаа жолу менен 700 чакырым), Фергана өрөөнүнүн чыгыш жагында жайгашкан.

Аянты – 18,3 миң чарчы километр.  Деңиз деңгээлинен 870-1110 метр бийиктикте жайгашкан.

 

 

Тамыры тереңге, тарыхы кененге  кеткен айтылуу Ош шаары азыр да гүлдөп, өнүгүүнүн багытында. Канчалаган кылымды камтыган карт тарыхы, бай маданияты келген адамдын көңүлүн буруп, өзүнө байлайт. Ош ооматтуу ордо калаа. Бир канча улуттун башын бириктирип, бир дасторкондон даам  таттырган берекелүү борбор.   

Даярдагандар:

Азамат Нусупов

Дилзат Узенканова

Сайкал Жанышбекова

Шераалы Бекташов

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.