“Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аталышындагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

3-май Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүндө Бишкек гуманитардык университетте “Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аталышындагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Аны менен бирге сынакка катышкан авторлордун эмгектери көргөзмөгө коюлду.

Сынакка келген эмгектерди медиа уюмдардын 6 өкүлү жана 1 белгилүү кесипкөй сүрөтчү – КР Сүрөтчүлөрүнүн төрагасы Таалай Усубалиев баш болгон калыстар тобу баалаган.

Жалпысынан сынакка 23 автордон 68 эмгек келип түшкөн. Авторлордун катарында кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар карикатура өнөрүнө кызыккан ышкыбоздор, кыздар, мектеп окуучулары дагы бар.

Калыстар чыгарган жыйынтыктын негизинде жеңүүчү болуп “Сөз эркиндиги” аттуу карикатурасы үчүн Руслан Валитов табылды. Ал эми 2-орунду Михаил Томилов “Мамлекеттик ЖМКлар” карикатурасы менен, 3-орунду Перизат Турдубекова “Гүлдөрдүн тили” карикатурасы үчүн ээледи.

 

“Бул менин карикатура жаатында биринчиликти алган үчүнчү конкурсум болуп саналат. Андыктан мындан ары өзүмдү ушуга окшогон сынактарды уюштуруу, калыстык кылуу жагына кетсемби деп ойлоп жатам. Бүгүн көптөгөн  таланттуу жаштардын эмгектерин көрдүм, аларга дагы орун бошотуу керек деп ойлойм”,-деген пикирин билдирди Руслан Валитов.

Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктардын ээлери болуп, Саламат Шакиров “Биз сөз эркиндиги үчүн!”, Жылдыз Амандыкова “Цензура иш үстүндө”карикатуралары үчүн аталышты.

Кызыктыруучу сыйлыктын ээси болгон Саламат Шакировдун айтымында азыркы коомдо көпчүлүк жаштар китеп окуудан качып, социалдык тармактардагы сүрөттөргө көбүрөөк маани беришээрин жана аны сүрөт менен түшүндүруп берүү бир кыйла жеңил.

Ошондой эле активдүү катышкандыгы үчүн дипломдор менен Усенбек Омуров, Абдибайит Турсуматов, Жанайым Зарылбек кызы, Махмуджон Эшонкулов, Таалай  Сейдакматов сыйланышты.

Белгилей кетсек, сынак сөз эркиндиги жаатындагы маселелерге коомчулуктун назарын буруу жана КР журналисттеринин арасындагы тилектештикти бекемдөө максатында, “Сорос-Кыргызстан”фондусунун жардамы жана БГУ менен өнөктөштүктө “Журналисттер”коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Жазган: Нурзат Казыбекова

Фото: Тилек Нурбеков

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.