Бишкекте китеп жумалыгы өткөрүлдү

Бишкек шаарында китеп жумалыгы өткөрүлдү

Бүткүл китеп окуу күнүнө карата Бишкек шаарында жана аймактарда  16-апрелде  “Китепfest” жумалыгы башталды. Бул жумалыктын алкагында  интеллектуалдык квесттер, викториналар, китеп окуу боюнча онлайн сынактар, жарманкелер, авторлор менен жолугушуулар  болуп өттү. Мааракенин негизги максаты жаштарды китеп окууга чакыруу жана өлкөбүздү китепкөй өлкөгө айлантуу болуп саналат.

“Тарыхтын актай барактары” Роза Айтматова.

Мааракенин алкагында А.Осмонов  атындагы улуттук  китепканада сыйлуу конок катары залкар жазууучу Ч.Айтматовдун карындашы Роза Айтматова келди. Р. Айтматованын калемине таандык «Тарыхтын актай барактары» китебинин негизинде  студенттер арасында кызуу талкуу жүрдү.

“Бул китепте репрессия учурундагы окуялар кенен чагылдырылан”

деди Роза Айтматова.

Уюштуруучу топ катары «Илек-илек» коомдук бирикмеси, «Лига» окутуу борбору өз иштерин үзгүлтуксүз жүргүздү.

Эскерте кетсек китеп жумалыгы 23-апрелге чейин уланды. Бул саамалык 2019 жылы 3-ирээт өтүп жатат.

Мирлан кызы Нурай

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.