“Үч дүйнө” поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 12-апрелинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонд тарабынан жаш акындарга  колдоо көрсөтүү максатында ар бир айда уюштурулуп келе жаткан поэзия кечесинин апрель айындагы “Үч дүйнө” деген аталыштагы кечеси болуп өттү. Бул кечеге да адаттагыдай жаш акындар тактап айтканда эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын президентинин орун басары Акжол Дооронбек уулу, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү жана А. Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты Акбар Кубанычбеков ошондой эле К. Орозбеков атындагы жаштар сыйлыгынын ээси Адилет Зарылбек уулу катышты.

Кечеде акындар өз калемдерине таандык мекен, сүйүү, үй бүлө жана жаратылыш темаларына арналган ырларын көркөм окуп беришти. Ошондой эле кеченин жүрүшүндө фонддун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаевага сөз берилип, ал буларга токтолду.

 Өлкөбүздө канчалаган кыйынчылыктар болуп жатсада поэзия сүйүүчүлөрдүн саны азайбай кечеге зал толгон элдин келиши кубантаарлык көрүнүш жана бул кыргыз поэзиясынын келечеги кең экендигинен кабар берет. Ал эми жаш акындарга айтаарым жалаң гана философиялык ойлорго жетеленбестен, сатира, юмор жаатында да өзүңөрдү сынап, өнүктүргүлө” 

Үч акындын ырларын белгилүү актерлор Чынгыз Мамаев, Нурдөөлөт Копоев, Эркин Эгембердиев жана башкалар көркөм окуп берсе, Мээрим Карыпова, Тотомидин Жолдошов, Александр Волкодов жана Сурма Тургунаалы кызы акындардын сөздөрүнө жазылган обондуу ырларды аткарышты. Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барып, иш чаранын аягында поэзия күйөрмандарын май айында боло турчу поэзия кечесине чакырып кетти.                                                                                                                                        Узенканова Дилзат                      сүрөт: roza.kg

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.