Ара төрөлгөн ымыркайларга мээрим төккөн “28 илмек”

22 аптадан 36 апта аралыгында төрөлгөн ымыркайларды ара туулгандар дешет. Статистика ылайык, дүйнөдө ар жылы андай наристелер туулган жалпы балдардын 8%ын, ал эми Кыргызстанда 6% ын түзүшөт.

Акыркы учурда саны артып бараткан ара төрөлгөн наристелерге жардам берүү максатында Бермет Токтогулова жана Гүзель Керимкулова “28 илмек” аттуу уюм ачышкан. Бул “28 илмек” уюму 2016-жылдын 1-октябрынан тартып Бишкекте иштеп келет. Бир жыл ичинде клубдун ыктыярчылары 700гө жакын жүндөн түйүлгөн кийимдерди ара төрөлгөн наристелердин энелерине белек кылышкан. Алардын айтымында, кичине болсо да, бул белектер балдардын тезирээк торолуп кетишине көмөктөшөт.

Эмне үчүн 28 илмек?

“28 илмек” деген символдук атка ээ уюмдун негиздөөчүсү Бермет Токтогулова: “Бул уюм ара төрөлгөн ымыркайларга жардам берүү максатында курулган. Уюмдун ыктыярчысы болууга чакырып кетмекчибиз. Ага эч кандай татаал шарт деле жок. Түйгөндү билбегендерге да үйрөтөбүз. Азыркы учурда уюмда 40 ыктыярчыбыз бар. Ара төрөлгөн наристелерге кийим табуу абдан кыйын. Көбүнчө мындай наристелерге байпактар кесилип кийгизилет, бирок мындай байпактар жылуулукту сактабайт. Ошондуктан накта жүндөн токулган кийимдер ара төрөлгөн ымыркайларды жылуу кармайт. Токулган кийимдер реанимация бөлүмүндө жаткан ымыркайларга акысыз таратылат”, – деди.

Жүн буласынын пайдасы абалтан белгилүү

Уюмдун директорунун орун басары Гүзель Керимкулова:

Бул сыяктуу уюмдар Казакстан, Орусия, Азербайджанда да бар. Биз анан эмне үчүн Кыргызстанда болбосун дедик. 2016-жылы түзүлгөн уюм Бишкекте эки жылдан бери Ара төрөлгөн ымыркайларга мээрим төккөн “28 илмек” ишин жүргүзүп келатат. Бул жылы Ошто да филиалыбызды ачтык. Мүмкүн болушунча бардык региондордо ачуу максатыбыз бар. Ара төрөлгөн наристелерге топу, жууркан жана байпак токуп беребиз. Жиптер сөзсүз 100% жүн болуусу зарыл. Себеби, жүндөн токулган кийимдер наристелердин катуу уйкуга түшүп кетүүсүнүн алдын алып, дем алууну унутуп калбасын деп эскертип турат. Бул ыкманы биз ойлоп тапкан жокпуз. Аны энелерибизден үйрөнүп, азыр колдонуп жатабыз.

“Эне мээриминен өксүгөн ымыркайларды биздин кийимдер жылытат”

“28 илмек” уюму ара төрөлгөн наристелерге токуган оюнчуктары менен да белгилүү. Анын ыктыярчыларынын бири “Манас” университетинин коммуникация факультетинин кенже илимий кызматкери, докт. Венера Наринова буларга токтолду:“Ымыркайлар үчүн жалаң пахтадан жасалган осьминог жана сабиз оюнчуктарын токуйбуз. Анын да өзгөчө себеби бар. Алар кувезде жатышканда өздөрүн эненин карынында жаткандай сезишип, катетерлерди киндик түтүгүндөй көрүшөт. Ошондуктан ымыркайлар катетерлерди жулуп салышы мүмкүн. Бул оюнчуктар болсо мындай жагдайлардан куткарып турат. Венера Наринова ушундай буюмдар менен балдарга өзгөчө психологиялык көмөк берип жатышканын баса белгиледи: “Токуган кийимдерибизди таратып жатканда, балдарынын башында турган энелерин көрөбүз. Бир жолу жалгыз жаткан ымыркайды байкап калдым. Аны энеси таштап кетиптир. Жүрөгүм ооруду. Ал бала үчүн эң сонун түстү тандап алып, кийим токудум. Энеден мээрим көрбөгөн балдарды биз токуган кийимдер жылытсын дейбиз”, – деди.

Энеге жана балага да көмөк

Ара туулган балдарды дарылоодо бала менен чогуу эне да атайын процесстен өтүшөт. “28 илмек” уюмунун ыктыярчылары токуган кийимдер ымыркайга гана эмес, энелерге да чоң көмөк көрсөтөт. Мындай энелердин бири Айсалкын Ботаева. А. Ботаева аталган уюм менен кантип таанышканын мындай баяндайт: “10 күн мурда үч эгиз кыздуу болдум, алар ара төрөлүштү. Мындан улам 10 күндөн бери ооруканадабыз. Бул уюм менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Биз жалгыз эмес экенибизди билдим. Бул уюмдун ар бир ыктыярчысына ыраазымын”.

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.