Monthly archives: April, 2019

Мугалимдин маянасы министрликти түйшөлтүүдө

    Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда иштеген 75 миңдей мугалим учурда орто эсеп менен 13 миң cом эмгек акы алат. Мугалимдердин маянасы мурдакыга караганда үч жарым эсеге жогорулаганын, мунун арты менен элет жериндеги мектептерде кадр маселеси чечилгенин белгилеп келет. Мугалимдер болсо орточо айлык мындан бир топ аз экенин, азыркы базар шартында бул каражат күнүмдүк оокаттан …

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин санынын өсүшү күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин санынын өсүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу 16-апрелде өткөн маалымат жыйында Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы Кыргызстанга ар кайсы мамлекеттерден 6 млн. 950 миң адам келген, ал эми быйылкы жылы андан да көп келүүсү  күтүлүүдө. “ Кыргызстанга кирген 7 млн. го жакын чет өлкөлүк жарандардын жарымы турист. Быйыл Кыргызстанга …

“Үч дүйнө” поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 12-апрелинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонд тарабынан жаш акындарга  колдоо көрсөтүү максатында ар бир айда уюштурулуп келе жаткан поэзия кечесинин апрель айындагы “Үч дүйнө” деген аталыштагы кечеси болуп өттү. Бул кечеге да адаттагыдай жаш акындар тактап айтканда эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын президентинин орун басары Акжол …

“Жибек Жолу” көргөзмөсүндө Экология күнү болуп өттү

Бишкекте Улуттук көркөм өнөр музейинде “Жибек Жолу” көргөзмөсү өз ишин улантууда. 16-апрель “Экология күнү” болуп, ага ар кайсы облустан келген ондон ашык өндүрүүчүлөр катышышты. Көргөзмөнүн алкагында өндүрүүчүлөр өздөрүнүн продукциялары жөнүндө маалымат берип, экологияны сактоо боюнча лекциялар окулду.Көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Сезим Токтобек кызынын айтымында  “Экология күнүн”  өткөрүүнүн эң негизги максаты:  Балдарга жана жалпы шаардын тургундарына экологиянын бүгүнкү …

Салттуу боз үйдөн заманбап боз үйгө

Боз үй — айрым көчмөн элдердин байыртан урунуп келе жаткан турак жайы. Боз үйдү жыйып-тигүү көчмөн турмушка өтө ыӊгайлуу болгондуктан, Орто Азияда ал бүгүнкү күндө да колдонулуп келатат. Алтургай, Кыргызстандын символуна айланган боз үйдү мезгилдин өтүшү менен заман талабына жараша курууга да аракеттер болууда. Буга Ысык-Көл облусундагы Алмазбек Акуновдун колунан жаралган эки кабаттуу боз үй …

Ара төрөлгөн ымыркайларга мээрим төккөн “28 илмек”

22 аптадан 36 апта аралыгында төрөлгөн ымыркайларды ара туулгандар дешет. Статистика ылайык, дүйнөдө ар жылы андай наристелер туулган жалпы балдардын 8%ын, ал эми Кыргызстанда 6% ын түзүшөт. Акыркы учурда саны артып бараткан ара төрөлгөн наристелерге жардам берүү максатында Бермет Токтогулова жана Гүзель Керимкулова “28 илмек” аттуу уюм ачышкан. Бул “28 илмек” уюму 2016-жылдын 1-октябрынан тартып …

Бишкекте сейрек кездешүүчү могнолия багы гүл ачты

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта (дендрарий) сейрек кездешүүчү магнолия багы гүл ачты. Бул тууралуу бизге дендрарийде иштеген илимий кызматкер Алина Валентиновна маалымдады. Анын айтымында өлкөбүздө магнолиянын эки гана түрү бар: Магнолиянын аңкыган жытын, керемет кооздугун сүрөттөп берүү жетишсиз. Ал апрель-май айларында гүлдөгөндүктөн, ушул убакыттар аралыгында Дендрарийге келип көрүп кетсеңиздер болот. …