Бишкекте сот кызматкерлери Ч. Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырды

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 14-июнда дүйнөлүк жазуучу, академик Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Октябрь райондук соттору тарабынан, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен уюштурулду. Көрүүчүлөргө жазуучунун «Саманчынын жолу» жана «Гүлсарат» повесттеринин негизинде коюлган спектаклдер тартууланды. Бул сахналаштырылган …

Бишкек шаарындагы театрларга саякат

Заманбап технология улам күчтөнгөн сайын, адам баласынын руханий дүйнөсү улам пастап,  жан дүйнөсүнө азык издегендердин катары улам азайып жаткандай. Ал эми көкүрөктөгү байлыктын жоголгону – адам болуунун эң зарыл жана асыл сапатынын жоголушу эмеспи. Бирок, технология канчалык күчтөнсө да, жан дүйнөнү байытуунун жолдору таптакыр жок болуп кеткен жок. Тескерисинче, ар кырдуу ыкма менен руханий азык …

“Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аталышындагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

3-май Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүндө Бишкек гуманитардык университетте “Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аталышындагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Аны менен бирге сынакка катышкан авторлордун эмгектери көргөзмөгө коюлду. Сынакка келген эмгектерди медиа уюмдардын 6 өкүлү жана 1 белгилүү кесипкөй сүрөтчү – КР Сүрөтчүлөрүнүн төрагасы Таалай Усубалиев баш болгон калыстар тобу баалаган. Жалпысынан сынакка 23 …

“Кыргыз кызы түрк элин мукам үнү менен багындырды”

Түркия салттуу музыка жарышмасына Кыргызстандагы “Томер” окуу курсунун студенттери катышты. Сынак 3 турдан туруп жалпы жонунан 40 адам катышты. Биринчи турдун тандоосу менен 2-турга 20 гана адам тандалып алынды. Андан кийин финалдык тандоо болуп, калыстар тобу 10 гана адамды тандап алышты. Финал үстүбүздөгү жылдын 30-апрель күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында …

Бишкекте китеп жумалыгы өткөрүлдү

Бишкек шаарында китеп жумалыгы өткөрүлдү Бүткүл китеп окуу күнүнө карата Бишкек шаарында жана аймактарда  16-апрелде  “Китепfest” жумалыгы башталды. Бул жумалыктын алкагында  интеллектуалдык квесттер, викториналар, китеп окуу боюнча онлайн сынактар, жарманкелер, авторлор менен жолугушуулар  болуп өттү. Мааракенин негизги максаты жаштарды китеп окууга чакыруу жана өлкөбүздү китепкөй өлкөгө айлантуу болуп саналат. “Тарыхтын актай барактары” Роза Айтматова. Мааракенин …

Мугалимдин маянасы министрликти түйшөлтүүдө

    Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда иштеген 75 миңдей мугалим учурда орто эсеп менен 13 миң cом эмгек акы алат. Мугалимдердин маянасы мурдакыга караганда үч жарым эсеге жогорулаганын, мунун арты менен элет жериндеги мектептерде кадр маселеси чечилгенин белгилеп келет. Мугалимдер болсо орточо айлык мындан бир топ аз экенин, азыркы базар шартында бул каражат күнүмдүк оокаттан …

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин санынын өсүшү күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин санынын өсүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу 16-апрелде өткөн маалымат жыйында Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы Кыргызстанга ар кайсы мамлекеттерден 6 млн. 950 миң адам келген, ал эми быйылкы жылы андан да көп келүүсү  күтүлүүдө. “ Кыргызстанга кирген 7 млн. го жакын чет өлкөлүк жарандардын жарымы турист. Быйыл Кыргызстанга …

“Үч дүйнө” поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 12-апрелинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонд тарабынан жаш акындарга  колдоо көрсөтүү максатында ар бир айда уюштурулуп келе жаткан поэзия кечесинин апрель айындагы “Үч дүйнө” деген аталыштагы кечеси болуп өттү. Бул кечеге да адаттагыдай жаш акындар тактап айтканда эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын президентинин орун басары Акжол …

“Жибек Жолу” көргөзмөсүндө Экология күнү болуп өттү

Бишкекте Улуттук көркөм өнөр музейинде “Жибек Жолу” көргөзмөсү өз ишин улантууда. 16-апрель “Экология күнү” болуп, ага ар кайсы облустан келген ондон ашык өндүрүүчүлөр катышышты. Көргөзмөнүн алкагында өндүрүүчүлөр өздөрүнүн продукциялары жөнүндө маалымат берип, экологияны сактоо боюнча лекциялар окулду.Көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Сезим Токтобек кызынын айтымында  “Экология күнүн”  өткөрүүнүн эң негизги максаты:  Балдарга жана жалпы шаардын тургундарына экологиянын бүгүнкү …

Салттуу боз үйдөн заманбап боз үйгө

Боз үй — айрым көчмөн элдердин байыртан урунуп келе жаткан турак жайы. Боз үйдү жыйып-тигүү көчмөн турмушка өтө ыӊгайлуу болгондуктан, Орто Азияда ал бүгүнкү күндө да колдонулуп келатат. Алтургай, Кыргызстандын символуна айланган боз үйдү мезгилдин өтүшү менен заман талабына жараша курууга да аракеттер болууда. Буга Ысык-Көл облусундагы Алмазбек Акуновдун колунан жаралган эки кабаттуу боз үй …